Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Саясий кылмыштар

САЯСИЙ КЫЛМЫШТАР – бийлик мамилелерине, мамлекеттик курулушка, коомдук түзүлүшкө тигил же бул даражада тийешеси болгон кылмыштар тобунун аталышы. Эреже катары, дүйнө өлкөлөрүнүн кылмыш-жаза мыйзамдары аларды ырасмий түрдө «мамлекеттик кылмыштар» же «конституциялык түзүлүшкө каршы кылмыштар» деп атоо менен, С. к-ды жалпы кылмыштардан тикелей бөлбөйт. Ошондуктан «С. к.» деген аталыш көбүнесе илимий жана саясий лексикада гана колдонулат. Латын Америка өлкөлөрүндө С. к. бар экени экстрадицияга (Колумбия, Венесуэланын кылмыш-жаза кодекстеринде) жана башка айрым институттарга арналган мыйзамдык ченемдер аркылуу кыйыр түрдө белгиленет. Бул өлкөлөрдүн мыйзамдарында «саясий кылмышкерлерге» карата (өлүм жазасын колдонбоо, кара жумуштарга пайдаланбоо ж. б.) белгилүү бир артыкчылыктар каралган.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: